Казакстандын эгемендүүлүк күнү: Биримдик майрамы жана ийгиликтүү өнүгүүнүн символу

Казакстандын эгемендүүлүк күнү: Биримдик майрамы жана ийгиликтүү өнүгүүнүн символу

Алматыда Эгемендүүлүк Монументине гүл коюу аземи болуп өттү. Шаар тургундары жана коомдук ишмерлердин ысымдары өлкөнүн тарыхында жазылгандарды эскеришти. Саясат таануучулардын пикиринде, жарандык коомдун пайдубалын түптөө-көз карандысыз Казакстандын негизги жетишкендиктеринин бири. Бүгүнкү күндө өлкөдө коомдук кеңештер жана жарандык альянстар активдүү өнүгүүдө. Ассоциациялар өз ара аракеттенүүнүн маанилүү куралы болуп калды. Мында бийлик жарандардын суроо - талаптарына жооп берген «угуучу мамлекет» түшүнүгү өзгөчө орунду ээлейт.


Кайыржан Абдыхалыков, Саясий илимдердин доктору:


- Бул концепцияга ылайык бизде айыл округдарынын акимдеринин шайлануучулугу киргизилген жана 2025-жылдын үчтүн айынын 1де республиканын бардык аймактарында райондордун жана облустук маанидеги шаарлардын акимдеринин шайлануучулугу киргизилет. Бул майрам бириктирүүчү мүнөздөгү мааниге ээ. Анткени 1991-жылы бештин айынын 16да ошол кездеги Жогорку Кеңеште депутаттар арасында казак элинин өкүлдөрү гана эмес, Казакстан Республикасында жашаган бардык этникалык топтордун өкүлдөрү болгон.


Казакстан эгемендик жылдарында олуттуу ийгиликтерге жетишип, дүйнөлүк аренада өз позициясын бекемдеди. Республика кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын толук укуктуу мүчөсү гана болбостон, өзүн бир катар дүйнөлүк демилгелердин автору катары да көрсөттү. Анын үстүнө Казакстан адамзаттын эң актуалдуу көйгөйлөрү жана глобалдык чакырыктар талкууланган аянтчаларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Казакстандыктар өлкөнүн тарыхында жаңы этапты ачкан тарыхый датага чоң маани беришет.


- Өз үнү, укуктары, принциптери бар, эл аралык аренада, дүйнөдө өз алдынча чыга ала турган, тагыраак айтканда өз добушуна ээ болгон, өз укугуна ээ болгон эгемендүү мамлекетке айланды.


- Мен Казакстанды абдан баалайм, президенттин дипломатиялык, конкреттүү, эрктүү адам катары пикирин сыйлайм. Жалпысынан алганда, бул өлкө үчүн мамлекеттик чек аралары бекемделип, улуттук артыкчылыктар күчөтүлгөн өтө маанилүү окуя болуп саналат.


- Конституцияга ылайык толук эркиндик укуктар, иш-аракеттер, кыймыл эркиндиги, сөз эркиндиги.


- Көз карандысыз мамлекет болгонубуздун аркасында эл арасында казак тилинин ролу өсүп, бекемделип жатат.


- Албетте, бизде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган ата мекендик жылдыздар көп. Мисалы, Димаш, Головкин, Шавкат. Бул дагы биздин жетишкендигибиз. Албетте, илимпоздордун арасында белгилүү инсандар болсо дейм. Өлкөнү алдыга жылдырган илим адамдары деп эсептейм.


Которгон: Илгиз Жамалбеков