Казакстанда Прежевальский жылкыларынын кезектеги партиясы алып келинет

Казакстанда Прежевальский жылкыларынын кезектеги партиясы алып келинет

Казакстанда Пржевальский жылкыларын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Кийинки айда дагы жети керкулан өлкөгө алынып келинет. Жаныбарларды Чехиядан жана Венгриядан алып, Костанай шаарындагы «Алтын талаа» жаратылыш коругуна көнүктүрүү пландалууда. Белгилей кетсек, эл аралык долбоордун алкагында бир жыл мурда алынып келинген Пржевальский жылкыларынын биринчи партиясы да ушул корукка жайгаштырылган. Азыр ал жергиликтүү климатка ылайыкташкан. Бугу айынын аягына чейин жапайы жылкыларды корголуучу аймактан чыгарып, Казакстандын талааларына эркин жөнөтүү көздөлүп жатат. Долбоор Пржевальский жылкыларын тарыхый мекенинде туруктуу көбөйтүүгө багытталган. Беш жылдын ичинде өлкөгө кырк керкулан алынып келинет.

Жансая Темиржан, Экология жана табигый ресурстар министрлиги токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү комитети башкармасынын башкы серепчиси:

- Бул убакка чейин жылкылар жаңы жерге көнүүгө жетишти. Алардын абалдары жакшырганын да байкадык. Демек, кийинки этапка өтүүгө, башкача айтканда, аларды өздөрүнүн табигый чөйрөсүнө жиберүүгө эч кандай тоскоолдук жок. Талаага жиберилгенден кийин да адистердин көзөмөлүндө болушат. Анткени ар бирине GPS-аппараттары тагылган.

Белгилей кетсек, Казакстанда Туран илбирси сыяктуу жапайы жаныбарларды төлдөтүү жана көбөйтүү иштери жүрүп жатат. Жырткычтар Нидерландыдан келген. Алар азыр Иле-Балхаш коругун мекендешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков