Украинанын аймагынан 450 казакстандык эвакуацияланды. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Шахрат Нурышевдин айтымында, учурда Киев менен Львовдо топтор түзүлүп жатат. Дагы 80 адамдын мекенине кайтып келиши күтүлүүдө. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, консулдукта бир жарым миңден ашуун казакстандык каттоодо турат. 660 казак жараны Украинадан кетүүгө ниетин билдирген. Айта кетсек, казак жарандарын өлкөгө жеткирүү иштери менен ата мекендик дипломаттар алектенип жатат. Казакстандын Украинадагы элчилигинде 8 кызматкер ишин улантууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков