Коммуналдык жана өнөр жай калдыктарын кайра иштетүү

Коммуналдык жана өнөр жай калдыктарын кайра иштетүү

Казакстанда муниципалдык таштандыларды кайра иштетүү көлөмү көбөйөт. Маселен, 2030-жылга карата катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоо коэффициентин 40%га, 2050-жылга чейин 60%га чейин жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу өлкө өкмөтүндөгү “Жашыл экономикага” өтүү боюнча кеңештин жыйынында белгилүү болду. Өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, 2040-жылга чейин калкты таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү кызматтары менен толук камсыздоо көздөлүп жатат. Бул баарыдан мурда айыл жергесинде борборлоштурулган системаны уюштуруу жолу менен ишке ашырылат. Өнөр жай калдыктары бүгүнкү күндө өлкөнүн экологиялык абалына терс таасирин тийгизип жатканы жашыруун эмес. 2050-жылга чейин алардын үлүшүн азайтуу үчүн 60% колдонулат. Бул ишканаларга эң алдыңкы жеткиликтүү технологияларды киргизүүнү шыктандыруу аркылуу маселенин түйүнүн чечүү. Мындан тышкары, катуу таштанды полигондорун комплекстүү калыбына келтирүү жана жаңысын куруу иштери жүргүзүлөт. Зульфия Сулейменованын айтымында, экономиканын энергетикалык кубаттуулугу 10 жылда үчтөн бирине кыскарган. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы кубаттуулугу 2,5 миң МВттан ашык кайра жанма энергия булактарынын 132 объектиси иштеп жатат. 2027-жылга чейин дагы 7000 МВт альтернативдик энергия булактары орнотулат. Премьер-министр тиешелүү министрликке Концепцияны ишке ашырууну тездетүүнү жана долбоорду бештин айынын 1не чейин Өкмөттүн Аппаратына киргизүүнү тапшырды. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков