Францияда казак киносунун V фестивалы өтөт

Парижде казак киносунун V фестивалына даярдык кызуу жүрүп жатат. Ал Франциянын борборунда жетинин айынын 29нан бештин айынын 2не чейин өтөт. Быйыл аталган иш-чара «Кыз жибек» тасмасын көрсөтүү менен башталат. Көркөм тасма легендарлуу казак режиссёру Султан-Ахмет Кожыковдун 100 жылдык мааракесине карата көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр тасманын башкы каарманы, Казакстандын эмгек сиңирген артисти Меруерт Өтекешева менен жолуга алышат. Ал атайын фестивалга катышуу үчүн барат. Мындан сырткары, француз көрүүчүлөрүнө белгилүү казакстандык муз тебүүчү Денис Тендин өмүр жолу тууралуу картина сунушталат. Муну менен катар, фестивалда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту чагылдырган “Бакыт”, “Тоо пиязы” картиналары жана “Есуас Карим” кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлүп, көшөгө “Дос-Мукасан” лентасы менен жабылат.

Андре Иванов, Фестивалдын мүдүрү, Франциядагы казакстандык кино бирикмесинин президенти:
- Быйылкы фестивалда Казакстандын автордук киносуна жана классикалык тасмаларына артыкчылык берүүнү чечтик. Авторлук чыгармалардын ичинде Аскар Узабаевдин кеңири таанылган “Бакыт” тасмасын өзгөчө белгилеп өткүм келет. Анткени анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук маселеси көтөрүлөт. Бул тема бүгүнкү күндө абдан актуалдуу.

Казакстан менен Франция биргеликте кино тартышы да мүмкүн. Бул боюнча атайын бизнес чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мерчемделген.  Фестивалдын алкагында өтө турган бул жолугушууда казак дизайнерлеринин салттуу көрсөтүүсү да болору күтүлүүдө.

Андре Иванов, Фестивалдын мүдүрү, Франциядагы казакстандык кино бирикмесинин президенти:
- Быйылкы программаны бир аз башкача кылалы деп чечтик. Эми фестиваль төрт күн катары менен өтөт. Күндүз Казакстан менен Франциянын кино тармагынын адистери ишкердик жолугушуулар жана түрдүү тармактык жыйындарда тажрыйба алмашат. Кечинде кинофильмдер көрсөтүлөт.

Казак киносу буга чейин европалык көрөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ата мекендик режиссёрлордун эмгектерин Парижде гана эмес, башка өлкөлөрдө да чыдамсыздык менен күтүшөт. Маселен, казак киносу Франциядан тышкары Бельгия, Люксембург, Нидерланды, Австрия, Германия, Польша, Улуу Британия, ошондой эле, Африка өлкөлөрүндө да көрсөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков