Казакстан Республикасынын 14 облусунда антитеррордук операция аяктап, террордук кооптуулуктун чектүү кызыл деңгээли жоюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Ал эми Алматы шаарында, Алматы жана Жамбыл облустарында кооптуулуктун максималдуу кызыл деңгээли сакталууда. Республикалык антитеррордук ыкчам штабдан билдиришкендей, аймактарда массалык баш аламандык учурунда террористтик жана башка кылмыштуу аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Казакстандын үч облусунда өзгөчө абал режими алынды
Муну менен катар, Казакстандын үч облусунда өзгөчө кырдаал режими алынды. Тиешелүү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. Бул Батыш, Түндүк Казакстан жана Павлодар облустарына тиешелүү. Эске салсак, үчтүн айынын 5де Казакстан аймагында тополоңдон улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Ал эми Алматы облусунда коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү. Эми ал 23:00дөн таңкы 07:00гө чейин иштейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков