Түгөнгүс кен жок. Жакынкы келечекте Казакстан жаңы кендерди ачуу үчүн пайдалуу кендерди чалгындоого артыкчылык берет. Өлкө өкмөтү геология тармагын өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын бекитти. Алдыдагы беш жылга пландаштырылган документ төрт багытты камтыйт. Биринчи кезекте жер казынасын изилдөөнүн натыйжалуулугун арттырып, минералдык ресурстарды толуктоого көңүл бурулат. Буга кошумча тармакты санариптештирүү жана маалыматтандыруу күчөтүлөт. Адистердин жетишсиздигин толугу менен чечүү жана инфраструктураны жаңылоо боюнча иштер улантылат. Жерди пайдалануу жол-жоболору жөнөкөйлөтүлүп, инвесторлор менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы жараяндар автоматташтырылат. Башкача айтканда, колдонуудагы шыктандыруу чараларын жакшыртуу үчүн геологиялык чалгындоо жана өндүрүшкө инвестиция тартуунун оптималдуу жолдору каралып жатат. Маселен, үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу тармагына тартылган инвестиция 6 триллион теңгеге жеткен. Анын ичинен 119 жарым миллиард теңге геологиялык чалгындоо иштерине багытталган.
Алихан Смаилов, Казакстан Премьер-министри:
- Улуттук геологиялык кызмат инвесторлорго ар тараптуу сервистик колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. KAZNEDRA маалымат платформасы пилоттук режимде иштеп жатат. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук база түп-тамырынан бери өзгөрдү. Жер казынасы жана геологиялык маалымат жеткиликтүү болуп калды. Кенди андан ары иштетүү үчүн аны ачкан ишканалардын укуктарын коргоо күчөтүлдү. Лицензиялоо процедурасы кендерди казууга укук берүүнүн мөөнөтүн кыйла кыскартты. Бүгүн каралып жаткан концепция жер казынасын мамлекеттик геологиялык изилдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы чараларды эске алуу менен иштелип чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков