Соода-экономикалык өз-ара кызматташтык, энергетика, айыл чарбачылыгы жана жашыл экономика тармагында кызматташуу. Казакстан менен Евробиримдик бул багытта кызматташууну улантуу ниетинде. Ошондой эле, Брюсселде Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен өлкөдө ишке ашырылып жаткан социалдык-экономикалык жана саясий реформаларга да оң баа берилди. Бул тууралуу Еврокомиссиянын жана Европа кеңешинин өкүлдөрү менен болгон эки күндүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болду. Тараптар Евробиримдиктин санкцияларынын кошуна Орусияга тийгизе турган таасирин талкуулашты. Брюссель Казакстандын кооптонуусун толук түшүнөт жана бул маселеде максималдуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин маалымдады.
Ержан Казыханов, Казакстан Республикасы Президентинин эл аралык кызматташтык боюнча атайын өкүлү:
- Казакстан Евробиримдиктин көптөгөн өлкөлөрүнө ири көлөмдөгү мунай жеткирип жатат. Айрыкча, биздин көп векторлуу мунай кууру стратегия саясатынын контекстинде Казакстандын транзиттик-транспорттук дараметин өнүктүрүү маселесин талкуулоо биз үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилегим келет. Казакстан деңизге чыга албаган ири өлкө болгондуктан, транзиттик коңшуларына көз каранды. Биз башка мамлекетке көз карандылыкты азайтып, эл аралык рынокко көбүрөөк чыгууну каалайбыз. Мисалы, ортоңку коридор деп аталган Транскаспий багыты тууралуу айтууга болот. Белгилүү болгондой, биздин өлкө Иран жана Кытай багытын колдонот. Ал эми түндүк багытты мурдагыдай колдоно алышат деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков