Казакстан туристтерге эл аралык деңгээлде атаандаша ала турган уникалдуу турларды сунуштай алат. Маселен, Улуу Жибек жолу жана Каспий деңизи боюнча комплекстүү саякаттар, Байконур жана Бурабайга баруу, ошондой эле Алматыга «4 мезгил» гастролу. Бул тууралуу Актауда өткөн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча эл аралык форумда серепчилер айтышты. Өз кезегинде мамлекет азыр туризм тармагынын өкүлдөрүнө активдүү колдоо көрсөтүүдө.
Өткөн жылы лыжа базалары жардам алган болсо, эми бийлик
агротуризмди өнүктүрүүгө басым жасоону көздөп жатат. Жалпысынан Казакстан
өлкөнүн имиджин көтөрүүгө ниеттенүүдө – бул үчүн алар республика үчүн туристтик
брендди иштеп чыгышат.
Ермек
Маржикпаев, Казакстандын Туризм
жана спорт министри:
Эгерде былтыр биздин инвестициянын көлөмү 350 миллиард
теңгеге жакын болсо, бүгүнкү күндө биз +75 миллиард теңгеге өсүп жатабыз. Быйыл
бул тармакка инвестициянын көлөмүн 800 миллиард теңгеге жеткирүү максатыбыз
бар. Өкмөт биздин алдыбызга ушунчалык чоң милдетти койду. Ал эми биз сиздер
менен бирге бул позицияга жетишүүгө милдеттүүбүз.
Жалпысынан
акыркы 3 жылда тармакка 4 миллиард доллар инвестиция тартылып, 400дөн ашык
туристтик объектилер курулган. Быйыл 115 долбоорду ишке ашыруу пландалууда.
Казакстандын туристтик продуктуларына болгон мамлекеттик колдоо кызыгууну
арттырды дешет серепчилер. Натыйжада биринчи жарым жылдыкта ички туристтердин
саны үч миллиондон, чет элдик туристтер жарым миллиондон ашты. 2023-жылдын
жыйынтыгы боюнча Казакстанга дээрлик бир жарым миллион чет элдик саякатчы келет
деп болжолдонууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков