Байыркы буюмдар музейге тапшырылды

Байыркы буюмдар музейге тапшырылды

Эки кылымдык тарыхы бар диний-рухий китептер жана жазма эстеликтер «Азрет Султан» корук-музейине тапшырылды. Байыркы экспонаттар түркестандык Турмаганбет Лахабаев тарабынан көздүн карегиндей сакталып келген. Карыянын айтымында, бул мурас бала кезинен бери үй-бүлөдө сакталып келген. Музейдин адистери экспонаттардын тарыхый баалуулугу бар деп эсептешет. Азыр алар изилденип жатат, кийинчерээк калыбына келтирүү иштери башталат.

Турмаганбет Лахабаев, шаар тургуну:

- Мен атамдан 3 жашымда айрылгам. Атам апама тапшырып кеткен. Бул нерсе биздин үйдө менин карамагымда турду. Атамдан калган буюмдарды эч ким тийбесин деген максат менен музейге өткөрүп берип жатам.

Ерсин Тажибаев, «Азрет Султан» корук-музейи мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:

- Жалпысынан буюмдар абдан начар шартта сакталган. Себеби, карыя бул нерселерди акыркы жолу 50-жылдары ачып караган. Ал кезде буюмдарды сактоо орточо көрсөткүчтөн жогору болгону менен азыр 50 жылдан кийин буюмдардын сакталышы начар абалга жеткен. Китепте жазылгандар Адам (алайхис салам) менен Шайтандын ортосундагы окуяларды баяндайт. Ошондой эле, бейтаптарды дарылоо дубалары жазылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков