Казакстан авиацияга 3 миллиард долларга жакын инвестиция тартууну көздөөдө. Бул каражат Катон-Карагай, Зайсан, Кендерли туристтик зоналарында, ошондой эле Аркалыкта жаңы аэропортторду курууга жумшалат. Ошондой эле 10 учуу-конуу тилкесин, 10 терминалды реконструкциялоого, атайын техника паркын жаңылоого каражат бөлүнөт. Тармактын өнүгүү маселелери премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында талкууланды. Өлкөнүн авиациялык хаб катары ролун күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул авиациялык түйүндөрдү өнүктүрүүгө жана жер үстүндөгү инфраструктураны жаңылоого тиешелүү. Улуттук жүк ташуучу авиакомпанияны түзүү маселеси да өзүнчө талкууланды. Аны ишке ашыруу транзиттик агымдарды Казакстанга багыттоого мүмкүндүк берет жана жүк авиациялык ташуулар рыногундагы позицияны бекемдейт. Өкмөт башчысы бардык даярдык процесстерин мүмкүн болушунча тездетүүнү тапшырды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жүк авиациялык ташуулардын көлөмү 58 миллион тоннага жакынды түзөт, мында ташуулардын болжол менен 15%ы Казакстандын аба мейкиндиги аркылуу өтөт. Ошондой эле Транспорт министрлиги быйыл жүргүнчүлөрдүн агымынын өсүшүн белгилейт - ата мекендик авиакомпаниялар 7 миллиондон ашык жүргүнчү ташыды, аэропорттор 14 жарым миллионго жакын адамды тейледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

