Казакстан менен биргелешкен долбоорлорду Жакынкы Чыгышта эң чоң экономикага ээ болгон өлкө – Сауд Арабиясы активдүү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Республиканын Падышалык менен дипломатиялык алакасына быйыл 30 жыл толду. Бул убакыттын ичинде өлкөлөр тыгыз экономикалык жана саясий байланыштарды түздү. Ошол эле учурда Президент Касым-Жомарт Токаевдин Джиддага сапары тараптардын өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү берди. Бул тууралуу Сауд Арабия Королдугунун Казакстандагы элчиси телеканалга берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Атап айтканда, жашыл энергетиканы өнүктүрүү жаатында өлкөлөр өнөктөштүгүн арттырмакчы. Тараптар Жетису облусунда шамал электр станциясын куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырууда. Сауд Арабия компаниясы кайра жанма энергия булактары объектисин тургузууга 1,5 миллиард доллар инвестиция багыттады. Башка багыттар да өз ара аракеттенүү үчүн келечектүү болуп саналат.
Файсал Ханиф Аль-Кахтан, Сауд Арабия Королдугунун Казакстандагы элчиси:
– Агро өнөр жай комплекси биздин кызматташуубуз үчүн келечектүү сектор болуп саналат. Сауд Арабиянын Айыл чарба министринин Казакстанга сапарынын алкагында Казакстандын Президенти менен сүйлөшүүлөр болду. Жакында Сауд Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Президент Токаев менен да жолугушуу өткөрдү. Тараптар айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Биз бул багытта - азык-түлүк коопсуздугу жаатында тыгыз кызматташууга үмүттөнөбүз. Казакстандын дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна салым кошуу мүмкүнчүлүгү бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков