Казакстандын президенти Рашид Мередовду кабыл алды

Казакстандын президенти Рашид Мередовду кабыл алды

Казак-түркмөн мамилелери бардык багыттар боюнча достук, коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүүдө. Өлкөлөр ортосунда экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасы байкалат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушууда айтты. Мамлекет башчысы ошондой эле Ашхабадды өлкө демилгелеген эл аралык тынчтык жана ишеним жылынын башталышы менен куттуктап, Түркмөнстандын тынчтыкты орнотуу демилгелеринин маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле Казакстандын аларды ийгиликтүү ишке ашырууга мындан ары да ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Өз кезегинде Рашид Мередов тараптардын өз ара аракеттенүүсү бекем жана узак мөөнөттүү келечектерге ээ экендигин баса белгиледи. Маектештер энергетика, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарда буга чейин жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков