Лазгинин «Астана Опера» сахнасындагы спектакли

Лазгинин «Астана Опера» сахнасындагы спектакли

Астана Бүткүл дүйнөлүк театр күнүн «Лазги. Жандын жана сүйүүнүн бийи» спектакли менен белгиледи. Аны борборго Өзбекстандын улуттук балети алып келди. Белгилүү немис хореографы Рауль Раймондо Ребектин бул чыгармасы өзбек салттуу бийинин, академиялык хореографиянын жана заманбап сахналык технологиялардын симбиозун чагылдырат. Элдик мотивдер менен электрондук үндөр айкалышкан музыкалык коштоо өзгөчө атмосфераны жаратат. Коюулумдун өзгөчөлүгү - бул жерде балериналар конкреттүү каармандарды эмес, эмоцияларды жеткиришет. Негизги идея жөнөкөй: биз кайсы мезгилде жашабайлы, сүйүү жана жан дүйнө түбөлүктүү. Спектакль бир нече жылдан бери дүйнө жүзүн кыдырып, Дубай, Стамбул, Париж, Москва, Пекин жана Лондон шаарларынын көрүүчүлөрүн багындырды. Белгилей кетсек, лазги байыркы бийи ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине киргизилген.

Надира Хамраева, Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти:

- Негизи Өзбекстан өзүнүн бий маданияты менен белгилүү, ар бир аймакта бизде ар кандай бийлер бар. Бирок лазги эң байыркы жана ошол эле учурда техникасы күчтүү деп эсептелет. Башкача айтканда, интенсивдүү техника, айлануу, аялдар тарабынан трюктарды аткаруу бул негизинен сейрек кездешет. Ошол эле учурда абдан назик, атүгүл көз жоосун алган жана маанайды көтөрүүчү бий бойдон калууда.

Эльмира Юсупова, Алишер Навои атындагы Мамлекеттик Академиялык чоң театрдын алдыңкы солисти:

- Бул спектакль Лазги бийинин кантип башталганын көрсөтөт жана улуттук байлык, биздин Өзбекстан гана эмес, ар бир өлкө ал түбөлүктүү экенин көрсөтөт. Келечекте да мындай көрүнүш болбош үчүн, жашообузда кандай жаңылык болбосун, Лазги Лазги бойдон калууда. Ошондой эле, мен Өзбекстандын гана эмес, Казакстандын дагы улуттук байлыгы деп эсептейм, ал ар дайым биз менен болот.

Которгон: Сезим Шейшеналиева