Түндүк Казакстан облусунда республика күнүнө карата креативдүү индустрия борбору элдин жыргалчылыгы үчүн тапшырылды. Жаңы хабдын максаты-заманбап казак искусствосунун өнүгүшүнө салым кошуу. Комплексте 35 жашка чейинки таланттуу жаштар өз сунуштарын иштеп чыгып, медиа жана диджитал-жаңылыктардын, контент өндүрүүнүн, fashion индустриясы, хореография, кинематография жана маалыматтык технологиялар индустриясынын оош-кыйыштарын өздөштүрөт. Мындан тышкары, чыгармачылык мейкиндикте КМШ өлкөлөрүнөн чакырылган серепчилерден мастер-класстар болот. Белгилей кетсек, мындай борборлорду аймактын бардык райондорунда ачуу пландалууда.
Темирлан Айтмахамбетов, креативдүү борбордун резиденти:
– Азыр биз «Ою Лап» кабинетинде турабыз. Бул жерде кино, оюн жана коммерциялык максаттар үчүн керектүү нерселердин 3Д-модели түзүлөт.
Нургуль Болатова, креативдүү индустрия борборунун бөлүм башчысы:
– Бул борбор жаштарга багытталган. Башкача айтканда, биз хабга жогорку класстын окуучуларын, студенттерди, өз өнүмдөрүн жана кызматтарын түзүп, өнүктүрүүнү каалаган активдүү муунду тартабыз. Биз жаңы идеялардын авторлорун, айти адистерин жана жергиликтүү бизнести бириктиребиз. Жаштар өз долбоорлорун сунуштап, аларды ишке ашырууга каражат тарта алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков