Дүйнөлүк диндердин лидерлеринин курултайына эки көргөзмө ачылды

Дүйнөлүк диндердин лидерлеринин курултайына эки көргөзмө ачылды

Дүйнөлүк руханий мурас. Астанада бир эле учурда эки уникалдуу көргөзмө ачылды. Алараяк оона айында Казакстандын борборунда өтө турган Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездине карата уюштурулган. Мисалы, экспозициялардын биринде биринчи жолу өлкөдө Турин кепининин так көчүрмөсү тартууланды. Ыйык христиан реликвиясын келүүчүлөр көрүп эле тим болбостон, архивдик видеоматериалдардан, тарыхый басылмалардан жана изилдөөлөрдөн ал тууралуу көбүрөөк биле алышат. Экинчи көргөзмөдө ар кандай диндерге жана тарыхтын ар кандай мезгилдерине тиешелүү жазмалардын 50 сейрек кездешүүчү үлгүлөрү чогултулган - бул Куран, Инжил, Тоорат, Эски Керээз, буддисттик түрмөктөр. Уюштуруучулар белгилегендей, экспозициялар дин аралык диалогду чыңдоого жана руханий мурасты жайылтууга багытталган. Көргөзмөлөр аяк оона айынын 25не чейин уланат.

 

Дмитрий Байдек, иеромонах, Астана шаарынын Успен соборунун ключары:


- Конгресстин алкагында биз Казакстандын диндер аралык саясатын баса белгилеген ушул эки көргөзмөнү уюштуруп жатабыз.


Георг Панамтхундила, Казакстандагы Апостолдук Нунций:


- Казакстан маданияттар аралык жана диндер аралык өз ара аракеттенүү үчүн платформа болуп баратат. Көргөзмөдө Турин кепининин көчүрмөсү коюлган. Бул реликвия христиандар үчүн гана эмес, азап чеккен ар бир адам үчүн тиешелүү. Бул ыйык нерсе диндер аралык диалог үчүн байланыш түйүнү болуп саналат, анткени бир адамдын оорусу - динине карабастан, башка адам үчүн да оору. Ошондуктан, азаптардан качуу жана азап чеккендерге кам көрүү үчүн биригишибиз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков