«Жашыл» энергетикага өтүүнү тездетүү, кайра жанма энергия
булактары боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу, аймактык энергетикалык
коопсуздукту чыңдоо. Борбор Азия өлкөлөрү XVI Евразиялык KAZENERGY форумунда бул
багытта бир катар макулдашууларга жетишти. Форумдун сессияларынын бири Борбор
Азиядагы энергетикалык өтүүнү тездетүүгө арналды. Талкууга аймак
мамлекеттеринин тармактык министрлери, эл аралык уюмдар жана каржы
институттарынын өкүлдөрү катышты. Алар 2030-жылга карай кайра жанма энергия
булактарынын кубаттуулугун үч эсеге көбөйтүү жана алардын натыйжалуулугун
арттыруу боюнча конкреттүү иш-аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту. Бул жагынан
алганда, Казакстан айлана-чөйрөгө көмүртектин бөлүнүп чыгышын азайтуу жана
альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүү багытына артыкчылык берип келет.
Ерлан
Аккенженов, Энергетика министри:
- Эгерде башында бизде айрым пилоттук долбоорлор гана
болсо, бүгүнкү күндө өлкөбүздө жалпы кубаттуулугу 3,2 ГВт ашык 158 жылуулук
электр борбору объектиси иштейт. 2025-жылы кубаттуулугу 450 МВт ашкан дагы 9
жаңы объектини, ал эми 2035-жылга чейинки орто мөөнөттө алдыңкы эл аралык
компаниялардын катышуусу менен кеминде 8,4 ГВт жаңы кубаттуулукту пайдаланууга
берүүнү пландаштырып койдук. Бул кадамдар 2030-жылга карай Казакстандын
айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын чыгарылышын 15% кыскартууга, ал эми 2060-жылга
карай жалпы көмүртектик бейтараптуулукка жетишүүгө багытталган.
Бул тармактагы заманбап технологиялар менен Жаңылануучу
энергия булактары боюнча эл аралык агенттик бөлүшүүгө даяр. Ошондой эле,
аймактык интеграция, инфраструктураны өнүктүрүү, мыйзамдарды өркүндөтүү жана
инвестицияларды тартуу жагы да башкы көңүлдө. Ушунун баары жашыл энергетиканын
өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Бину
Партан, Irena өлкөлөрү менен өз ара иш аракеттенүү жана өнөктөштүк боюнча мүдүрүнүн орун басары:
- Азербайжан менен өнөктөштүк алкагында биз Борбор Азияда
кайра жанма булактарды тездетүү боюнча демилгени баштадык. Бул ыкма дүйнөнүн
башка аймактарында ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Биз эми аны бардык мүчө
мамлекеттердин катышуусу менен аймакта колдонууга кызыкдарбыз. Негизги максат –
инвестицияларды тартуу процессин мүмкүн болушунча тездетүү.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

