Казакстанда КМШдагы эң ири шамал электр станциясынын
курулушу башталды. Анын кубаттуулугу энергия топтоо системасы менен 1 гигаватт болот.
Инвестициянын жалпы көлөмү 1 миллиард доллардан ашат. Долбоорду жергиликтүү
компания кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырууда. Убакыт капсуласын
салуу аземи Павлодар облусунда болуп өттү. Объект курула турган аймакты
окумуштуулар алдын ала изилдеп чыгышкан. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында бул аймакта
жылына 270 күнгө чейин шамалдуу аба ырайы болору аныкталган. Станцияны ишке
киргизүү 2029-жылга мерчемделүүдө.
Белгилей кетсек, аймак өлкөдө өндүрүлгөн бардык электр энергиясынын болжол
менен 40%ын камсыздайт. Бул жерде Казакстандын эң ири генерациялоочу
кубаттуулуктары топтолгон, анын ичинде стратегиялык – Экибастуз энергетикалык
түйүнү.
Кайрат Максутов — «Самрук-Энерго» АК башкармалыгынын
төрагасы:
– Долбоордун алкагында
экологиялык таза энергия өндүрүүдөн тышкары, калкты ишенимдүү энергия менен
камсыз кылуу, ошондой эле энергетикалык системанын туруктуулугун камсыз кылуу
үчүн энергияны сактоо системасын киргизүү каралган.
Асаин Байханов — Павлодар облусунун акими:
– Ар бир орнотмо 8 мегаваттан болот. Бул жерге жүздөн ашык шамал турбиналары орнотулат. Шамал жана күн энергиясы боюнча ишке ашырылып жаткан башка долбоорлордон айырмаланып, бул жерде аккумуляторлор болот. Кубаттуулукту тең салмактоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

