Казакстандын түштүгүндө илимий-изилдөө борбору ачылды

Казакстандын түштүгүндө илимий-изилдөө борбору ачылды

Жаңы климаттык экономика жана жашыл технология, климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарбага тийгизген терс таасирин азайтуу. Бул багытта Түштүк Казакстан университетинин студенттери иш алып барышат. Ага университетте илимий борбор ачкан Нобель сыйлыгынын лауреаты Рае Квон Чунг жардам берет. Жаңы борбордо магистранттар жана докторанттар илимий иштерди талдап, илимди өнүктүрүүнүн жаңы моделин түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Глобалдык серепчи студенттердин жаңы идеяларын ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешет.

Рае Квон Чунг, Нобель сыйлыгынын лауреаты:

Албетте, борбордун негизги максаты Казакстандын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча жаңы сунуштарды иштеп чыгууга багытталган. Климаттык каатчылыкка тез арада чара көрүү жана жаңы ыкмаларды колдонуу менен чечсе болот. Келечекте студенттер менен биргеликте бул темаларды тереңдетип үйрөнөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков