2025-жылга карата экономикага мамлекеттин катышуусунун үлүшү 14%га чейин төмөндөйт. Буга менчиктештирүүнүн комплекстүү планын ишке ашыруу шарт тузөт. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов билдирди. Анын айтымында, Казакстанда объектилерди менчиктештирүү процесси ачык-айкын болушу керек. Ал эми жалпысынан ага байланышкан бардык маселелер мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өзгөчө көзөмөлүндө болууга тийиш. Ал арада Улуттук экономика министри Алибек Куантиров, калктын жашоо-турмушу үчүн маанилүү болгон 200дөн ашык социалдык маанидеги объектилер менчиктештирүү тизмесинен чыгарылганын билдирди. Алар мамлекеттин менчигинде калат,- деп белгиледи башкармалыктын башчысы. Келечекте аларды инвесторлор менчиктештирүү маселеси каралышы мүмкүн. Бирок бул үчүн алар мамлекеттин кызыкчылыгын эске алган шарттарга макул болушу керек. Белгилей кетсек, комплекстүү планга мамлекеттик менчиктин жана квазимамлекеттик сектордун 675 объектиси киргизилген. Өкмөттөн билдиришкендей, жыл аягына чейин алардын 80%ы сатыкка коюлат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков