Казакстанда платформада иштеген адамдарды социалдык камсыздандыруу системасына кошуу көздөлүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дүйсенова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жарым миллионго жакын адам ар кандай тармактарда онлайн режиминде иштешет. Бул негизинен туристтик порталдар, таксилер жана тамак-аш жеткирүү кызматтары. Калк үчүн ыңгайлуу киреше булагы болгону менен анын да чоң кемчилиги бар. Маселе социалдык камсыздоонун жоктугунда. Муну эске алуу менен тиешелүү мекеме бул кызматкерлерди социалдык камсыздоо тармагына тартуу боюнча атайын долбоор иштеп чыккан. Анын алкагында Эмгек министрлиги өлкөдө иштеп жаткан 8 ири онлайн платформа операторлору менен биргеликте талдоо жүргүзөт. Анын жыйынтыгы жыл аягына чейин чыгарылат.
Тамара Дүйсенова, Казакстандын эмгек жана калкты социалдык коргоо министри:
- Биздин операторлор менен иштешип жаткан чараларыбыз азыркы каттоо системасын татаалдаштырбайт, башкача айтканда, адамдардын жумушка орношуусуна тоскоол болбойт. Бул жараян оптималдаштырылган. Мындай ыкма жарандардын башка категорияларына да жайылтылат. Бул жөнөкөйлөштүрүлгөн каттоо болушу керек. Каттоонун кошумча түрлөрү болбошу зарыл. Бүгүнкү күндө жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режимин жана бирдиктүү социалдык төлөм системасы сыяктуу социалдык төлөмдөрдүн жеңилдетилген түрүн киргизүү көздөлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков