Коронавирусту изилдөө үчүн анын белокторунун биринчи партиясы жалган куран айынын 18де Эл аралык космос станциясына жөнөтүлөт. Орус биотехнологиялык изилдөө лабораториясынын айтымында, бул бир катар эксперименттердин сериясы болот. Алгачкысы сегиз күнгө созулат. 3D биопринтер аркылуу COVID-19 белогунун кристаллдарын өстүрүү мерчемделип жатат. Андан кийин анын үлгүлөрү Жерге кайтарылат. Бул жерде алар менен дагы бир жарым ай эскперименттер жүргүзүлөт. План боюнча кийинки партия күзүндө жиберилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков