Карагандыдагы байыркы пирамиданын сырлары окумуштууларды кызыктырууда

Карагандыдагы байыркы пирамиданын сырлары окумуштууларды кызыктырууда

Казакстандык жана чет элдик археологдорду Караганды облусундагы соңку коло дооруна таандык байыркы пирамиданын сырлары кызыгуучулук туудурууда. Бүгүнкү күндө Талды тарыхый-археологиялык паркынын негизги кызыктуу жерлеринин сырларын ачып, изилдөө үчүн Германиядан, Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Түркиядан окумуштуулар келип жатышат. Бул жерде 200гө жакын эстелик бар. Окумуштуулар «Бегазы-Дандыбай» дооруна таандык бул уникалдуу архитектуралык күмбөз жергиликтүү атактуу ак сөөккө арналып курулган деп эсептешет. Радиокөмүртектүү анализдин жардамы менен пирамида мындан 3 миң жыл мурун, болжол менен биздин заманга чейинки 14-12-кылымдарда курулганы аныкталды. Археологдордун айтымында, Каражартас көрүстөнү Борбордук Казакстандын аймагындагы байыркы жашоонун өнүгүү борбору болгондугун көрсөтөт.

Серхан Чинар, окумуштуу (Түркия):
- Казакстанда туризм тармагы тез өнүгүп жатат. Археологиялык материалдарга бай. Тагыраагы, коло дооруна таандык, ал тургай бул мезгилдин ордун баскан темир дооруна тиешелүү баалуу маалыматтар бар.

Арман Бейсенов, археолог:
- Коло доорунун көрүстөндөрү өтө уникалдуу жана кайталангыс нерселерге бай. Эки аттын жана дөңгөлөктүү арабанын калдыктары да табылды. Талды шаарчасынын байыркы тургундары аны күнүмдүк турмушунда колдонушкан.

Бүгүнкү күндө Талды тарыхый-археологиялык паркы ата мекендик жана чет элдик окумуштууларды гана эмес, туристтерди да абдан кызыктырган ачык асман алдындагы музей болуп саналат. Бул жерде саякаттоо үчүн атайын туристтик маршрут иштелип чыккан. Көрүстөндүн жанына, жол боюна белгилер орнотулган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков