Казакстан SPEEDCUBINGден Азия чемпиону аталды

Казакстан SPEEDCUBINGден Азия чемпиону аталды

Казакстандын курама командасы кубик чогултуу боюнча Азия чемпиону аталды. Борбор калаада өткөн мелдеште жеңүүчүлөр командалык эсепте 13 медалга ээ болушту. Экинчи орунда Индия, үчүнчү орунда Кытай. Белгилей кетсек, спидкубик боюнча Азия чемпионатында дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 116 катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Алардын арасында Жапония, Кытай, Индия, Монголия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү бар. Тез ойлонгон, эпчил балдар менен кыздар кубикти 17 түрдүү ыкма менен чогултушат. Башкача айтканда, көзүн жумуп, топ жана жуп менен, жекече да топтойт. Катышуучулардын эң кичүүсү 7, ал эми эң улуусу 54 жашта. Белгилей кетсек, Казакстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кубик чогултуу боюнча мелдешти өткөрүү макамын алган алгачкы мамлекет.

Али Ахатов, мелдештин катышуучусу:

- Казакстан 2017-жылдан бери биринчи жолу мелдешти өткөрдү жана көпчүлүгү жакшы натыйжаларды көрсөтүштү. Анда биздин рекорд 9 секунд болду. Казакстандыктар үчүн бул эң тез болуп саналат. Азыр биздин рекордубуз 6,65 секунд. Ар бир катышуучу ушундан озууга аракет кылууда. Алар күнүнө ар бир дисциплинадан 200—300 ирет чогултат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков