Жетису облусунда 12 ири станцияны пайдаланууга берүү белгиленип жатат. Облустун акимчилигинин маалыматы боюнча, алардын жалпы инвестициясы 90 миллиард теңгеге жакын. Атап айтканда, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин шамал электр станциясын ишке кошуу, ГЭСтин үчүнчү этабын жана Жогорку-Баскан ГЭСинин экинчи, үчүнчү этабын пайдаланууга берүү мерчемделип жатат. 2024-жылы дагы төрт “жашыл” долбоор ишке ашырылмакчы. Ал эми 2025-жылы облуста альтернативдик энергия булактарынын дагы үч объекти пайда болот. Белгилей кетсек, өлкөдө электр энергиясын өндүрүү боюнча болжолго ылайык, 2035-жылы шамалдын жана күндүн жалпы өндүрүшүндөгү үлүшү болжол менен 15%ды түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков