Галымжан Пирматов бул Борбордук банк тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасы жана күтүлгөн планга дал келерин баса белгиледи. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында ишке ашырылган акча-насыя саясатынын алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Президентке Ачык банк иши жана төлөм рыногун жөнгө салуу концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү, төлөм балансынын динамикасы, Улуттук фонддун активдеринин жана алтын-валюта резервинин абалы тууралуу маалымат берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков