Казакстанда туристтик айылдардын ТОП 5-и аныкталды

Казакстанда туристтик айылдардын ТОП 5-и аныкталды

Казакстанда ТОП 5 туристтик айыл аныкталды. «Kazakh Tourism» улуттук сынактын жыйынтыгын чыгарды. Улуттук компаниянын маалыматы боюнча, алдыңкы бештикке Жетису аймагындагы Лепси, Кызылорда облусундагы Наги Ильясов жана Батыш Казакстан облусундагы Хан Ордасы, ошондой эле өлкөнүн чыгыш аймагындагы Поперечное калктуу-конушу менен Караганды облусунун Шабанбай би айылы кирди. Катышуучуларды тандоодо өзгөчө көңүл табигый жана маданий ресурстарга, калктуу конуштардагы иш-чаралардын салттуу түрлөрүн сактоого бурулду. Долбоордун максаты- жаңы багыттар менен чыныгы туризмге кызыккан саякатчылар үчүн айылдарды тартуу борборуна айландыруу. Улуттук этаптын жеңүүчүлөрү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюму өткөргөн UN Tourism Best Tourism Village эл аралык сынакта Казакстандын атынан чыгат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков