Май өсүмдүктөрдөн рекорддук өнүм жыйналды

Май өсүмдүктөрдөн рекорддук өнүм жыйналды

Костанай облусунун дыйкандары акыркы он жылда май өсүмдүктөрдөн рекорддук түшүм жыйнашты. Көрсөткүч жарым миллион тоннага жакын. Бул өткөн жылга салыштырганда эки эсе көп. Май өсүмдүктөрдүн тушүмү боюнча Узункөл району алдыда. Жыл өткөн сайын дыйкандар айдоо аянттарын кеңейтип, май өсүмдүктөрүн себүүнү көбөйтө башташты. Ар тараптандыруу орто эсеп менен 10-20%ды түзөт. Облус боюнча орточо түшүмдүүлүк гектарына 6,5 центнерге жетти. Жыйналган көлөм азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жетиштүү, деп билдирет акимчиликтен.

Азамат Аужанов, Узункөл районунун акими:

47 миң гектар жерден 41 миң тонна май өсүмдүктөрүн алдык. Келерки жылы өрөөндүн аянтын дагы 10-20 пайызга кеңейтели деп жатабыз.

Мындан тышкары май өсүмдүктөрүнүн бир бөлүгү Европага, Орусияга жана башка өлкөлөргө экспорттолот. Ооганстанга жана коңшу Өзбекстанга да жеткирүү бир жолго коюлган. Күн карама майы да чет өлкөлөргө жөнөтүлөт. Тогуз айда 5 миң тоннага жакын өнүм экспорттолду. Аймакта май өсүмдүктөрү менен алектенгендер мамлекеттик колдоо программаларынан пайдаланышат. Анткени, алар ата мекендик кайра иштетүү ишканаларын негизги чийки зат менен камсыз кылуучулар болуп саналат.

Нурсултан Кабделов, облусттук айыл чарбачылык башкарамысынын бөлүм башчысы:

Облустун күн карама майын чыгаруучу заводдору жетиштүү. Анткени бул май өсүмдүктөрүн өндүрүүдөн тышкары мамлекеттик колдоо программалары да жүзөгө ашырылып жатат. Башкача айтканда, өстүрүлгөн күн карама май кайра иштетүүчү заводдорго берилсе, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө субсидия төлөнөт. Жеткирилген май өсүмдүктөрүнүн тоннасы үчүн 20 миң 800 теңгени түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков