Казакстандын Азербайжанга экспорту 3,4 эсеге өстү

Казакстандын Азербайжанга экспорту 3,4 эсеге өстү

Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик үч жарым эсеге көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын беш айында эки өлкө 161 миллион долларга соода жүргүзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,4 эсеге көп - деп билдирет QazTrade. Өсүш экспорттун жана импорттун көлөмүнүн жогорулашы менен камсыз болгон. Алардын ичинен аталган мезгилде Казакстан үчтүн айы - бугу айларында Азербайжанга 125,5 миллион долларлык өнүм жиберген. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 37 миллион доллардан бир аз көбүрөөк болгон. Республикадан Азербайжанга буудайды, мунай жана мунай өнүмдөрүн, электр темир жол локомовтидери, рельстерди, эритилбеген болотту жеткирүү көбөйгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков