Казакстан экономикасына тартылган инвестициялар 5 жылда 33 пайызга өстү

Казакстан экономикасына тартылган инвестициялар 5 жылда 33 пайызга өстү

Казакстан – натыйжалуу капиталдык салымдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Акыркы 5 жылда ата мекендик экономикага чет элдик түз инвестициялар 33 пайызга өстү. Бул 41 миллиард доллардан ашык каражат. Серепчилердин айтымында, Казакстанда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча системалуу иш жүргүзүлгөн.

Казакстанга эң көп каражат салган өлкө – Нидерланды. Инвестициянын көлөмү 62 миллиард доллардан ашат. Экинчи орунда – АКШ. Америкалык ишкерлер ата мекендик экономикага 38 миллиард доллар инвестиция салышкан. Андан кийин 13 миллиард доллардан ашык көрсөткүч менен Франция, ал эми төртүнчү орунда Бермуд аралдары жана бешинчи орунда Кытай турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков