Ун менен буудай өткөрүү рыногу кеңейтилет

Ун менен буудай өткөрүү рыногу кеңейтилет

Казакстан бир катар айыл чарба өнүмдөрүн сатуу рыногун кеңейтүүнү көздөп жатат. Ошол эле учурда ун жана буудай экспортуна артыкчылык берилет. Экинчисин сыртка чийки зат катары эмес, даяр өнүм катары жеткирүү максаты коюлган. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди. Мекеменин  маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Түркестан, Түндүк Казакстан жана Алматы облустарында данды терең кайра иштетүү технологиялары колго алынууда.  Эскерте кетсек, азыр өлкөдө оруп-жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө дан эгиндеринин 89%га жакыны жыйналды. Кампага жыйналган өнүмдүн жалпы көлөмү 21 миллион тонна. Азырынча орточо түшүмдүүлүк гектарынан 15 центнерди түзөт. Өлкөнүн түштүк региондорунда эгин чабылуу иштери аяктады. Түндүк четинде дан өнөктүгү жүрүп жатат. Министрликтен маалымдашкандай, дандын көлөмү ички керектөөлөрдү камсыз кылууга жетиштүү.

Ермек Кенжехан уулу, Айыл чарба вице-министри:

– Мамлекет башчысы жана өкмөт жалпысынан Айыл чарба министрлигине конкреттүү милдеттерди коюшту. Бул милдеттерди аткаруу үчүн биз данды терең иштетүүгө багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырабыз. Ошентип, дан эгиндеринен биз малга тоют, башкача айтканда байытылган тоют, керектүү витаминдер жана крахмалды өндүрөбүз. Буудайдын терең иштетилген азыктарына суроо-талап жогору. Баасы дагы бир топ жогору болот. Ошентип, өндүрүүчүлөр чийки затка караганда көбүрөөк киреше ала алышат. Дыйкандар өнүмдү сатуу рыногу боюнча кам санашпайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков