Казакстанда төрт негизги автокоридорду реконструкциялоо аяктады. Алар - «Караганды-Алматы», «Талдыкорган – Усть-Каменогорск», «Актөбе – Кандыагаш» жана «Атырау – Астрахань». Жалпысынан, Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 12 миң чакырым аралыкты оңдоо иштери камтылган. Темир жол куруу жана транспорттук инфраструктураны жаңылоо чөйрөсүндө да олуттуу иштер аткарылды. Ошентип, бир миң чакырымдан ашык темир жол реконструкцияланды, вагон паркы да жаңыланды. Ошол эле учурда казакстандык авиакомпаниялар да ата мекендик ташуучу учактарды сатып алышты. Ошондой эле Алматы, Кызылорда жана Шымкент аэропортторунда жаңы терминалдардын курулушу аяктады. Мындай иштин натыйжасы катары өлкөдө жүк ташуунун жана товарлардын транзитинин көлөмү да өстү.
Максат Калиакпаров, Транспорт вице-министри:
- Жалпысынан, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн акчалай көлөмү 13%га өсүп, 7,7 трлн теңгени түздү. Анын ичинде жүк ташуулардын автоунаа транспорту, куур өткөргүч транспорту жана темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуу боюнча 19,8%га; ички ташуулар 8,8%га; транзиттик жүк ташуулардын көлөмү 6,1%га; контейнердик транзит 8,7% га өскөнү байкалат.
Бул жылы айыл чарба секторунун көрсөткүчтөрү жакшы. Жыл башынан бери дүң өнүмдүн көлөмү дээрлик 13,5%га көбөйүп, 8 трлн теңгени түздү. Тармактык мекеменин маалыматы боюнча мындай көрсөткүчтөр өсүмдүк өстүрүүчүлүктө жана мал чарбачылыкта өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүшүнөн улам камсыздалды.
Азат Султанов, айыл чарба вице-министри:
- Жыл аягына чейин бул тармактын өсүшүн дан эгиндерин, май өсүмдүктөрүн кайра иштетүү жана кант өндүрүү аркылуу көрүп жатабыз. Келерки жылы тармактын өнүгүү темпинин төмөндөшүнө жол бербөө максатында жазгы талаа жана түшүм жыйноо иштерин каржылоо көлөмү 700 миллиард теңгеге, айыл чарба техникаларынын жеңилдетилген лизинги 200 миллиард теңгеге жеткирилет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

