Казакстандын дан тармагын колдоого 40 млрд теңге багытталды

Казакстандын дан тармагын колдоого 40 млрд теңге багытталды

Казакстандын дан тармагын колдоого 40 миллиард теңге жумшалат. Каражат мамлекет башчысынын тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында Өкмөттүн резервинен бөлүнөт. Тиешелүү токтомго Премьер-министр кол койду. Каражат Казакстандын дан экспортунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана жаңы сатуу рынокторун өздөштүрүүгө жумшалат. Белгилей кетсек, өткөн жылы өлкөдө 25 млн тонна дан эгиндери жыйналган. Бул рекорддук көрсөткүч. Ички рынокто суроо-талап 10 миллион тоннанын тегерегинде, ал эми экспортко 12 миллион тоннадан ашык каражат каралган. Көпчүлүгү салттуу базарларга, 2 миллион тоннасы жаңы багыттарга жөнөтүлдү. Негизинен ата мекендик өнүм Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Ооганстан импорттойт. Ошондой эле Иран менен Азербайжанга дан жеткирүү көлөмү көбөйдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков