Акордада Казакстандын Президентинин төрагалыгы алдында экономикалык маселелер жана бюджеттик пландоо боюнча кеңешме өттү. Күн тартибинде улуттук экономиканын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, ошондой эле 2026-2028-жылдарга республикалык бюджеттин параметрлери каралды. Касым-Жомарт Токаев республикалык жана жергиликтүү деңгээлде финансылык каражаттарды сапаттуу пландаштыруунун жана бөлүштүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы бюджеттин тең салмактуулугун камсыз кылууга, социалдык милдеттенмелерди жана региондордун узак мөөнөттүү пландарын каржылоого көңүл буруу керектигин айтты. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу багытта пайдалануу приоритет болуп саналат.
Которгон: Назира Бегалиева

