Грузиянын Поти портунда жаңы деңиз мультимодалдык
контейнер терминалы иштей баштады. Бул өлкөнүн грузин жана Азербайжан
өнөктөштөрү менен биргелешкен долбоору. Обьект Кытай менен Европаны Казакстан,
Азербайжан жана Грузия аркылуу Каспий жана Кара деңиздер аркылуу байланыштырган
Транскаспий эл аралык транспорттук жолунун маанилүү бөлүгү. Терминалдын өткөрүү
жөндөмдүүлүгү биринчи этапта жылына 120 миң тоннадан ашат дешет адистер. Келечекте
бул көлөмдөрдү көбөйтүү пландаштырылууда. Терминал эл аралык стандарттар боюнча
долбоорлонгон жана эң алдыңкы инфраструктура менен жабдылган.
Олжас Арыкбаев, «Poti Transterminal» акционердик коомунун
башкы мүдүрү:
- Биз эң жаңы терминалды курдук. Грузин мыйзамдарынын эң
жаңы талабына туш болдук. Бул өрт өчүрүү системасы, экологиялык маселелер
боюнча жана инженердик тармактар үчүн талап болуп саналат. Андыктан биз жаңы ишкана катары ушул талаптардын
бардыгына жооп бердик. Бизде австралиялык ричтакерлер, Кытайдан алып келген
крандар бар. Алар жетишерлик жогорку ылдамдыкка ээ. Чындыгында Потиде аналогу
жок жана ыраакы Кавказдагы башка өлкөлөрдө салык жок. Биздин порталдык
контейнер крандары саатына 25 контейнерге чейин көтөрө алат.
Потидеги терминалды ишке киргизүү-Транскаспий
транспорттук коридору аркылуу жүк агымын көбөйтүү боюнча Казакстандын
стратегиялык максатын ишке ашыруудагы маанилүү кадам. Бул иш-чара Касым-Жомарт
Токаевдин бул багытты кеңейтүү жана бекемдөө боюнча койгон милдеттерине
түздөн-түз байланыштуу. Эскерте кетсек, мамлекет башчысы өлкө үч жылдын ичинде
Транскаспий контейнер ташууну эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатканын айткан.
Касым Тлепов, Транспорт министрлигинин комитет
төрагасынын орун басары:
- Былтыр TЭTM боюнча 4,5 миллион тонна ташыганбыз. Өсүү
60%дан ашты. Жакынкы үч жылда биз өндүрүштү 10 миллион тоннага жеткирүүнү
пландап жатабыз. Анын ичинде жылына 300 миңге жакын дфэ ташылат. Негизинен жүк агымы Кытайдан Европага жана Потиге, Поти
портуна жана терминалдын өзүнө кетет, ал жүк агымдарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк
берет.
Серепчилердин айтымында, Грузиядагы биринчи мультимодалдык терминалдын иштөөсүнүн алгачкы экономикалык эффектилери жарым жылдан кийин байкалат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

