Кайра иштетүү өнөр жайын санариптештирүү

Кайра иштетүү өнөр жайын санариптештирүү

Казакстанда жакынкы төрт жылда санариптик технологияларды колдонгон өндүрүш ишканаларынын үлүшү дээрлик төрт эсеге көбөйөт. Иш Казакстандыктардын жыргалчылыгына багытталган туруктуу экономикалык өсүш улуттук долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Айта кетсек, бул өзүнчө бир багытты - индустриалдык жана инновациялык жолду ачып берди. Анын максаты - 2025-жылга карата өлкөдө тышкы рынокто суроо-талапка ээ болгон атаандаштыкка жөндөмдүү өнүмдөрдү өндүрүүнү көбөйтүү.

Диас Сериков, «Qazindustry» казакстандын индустрия жана экспорт борбору» АК Стратегиялык долбоору жана коммуникациялар дирекциясынын жетекчиси:

- Индустриалдык-инновациялык багыттын алкагында өнөр жайда санариптик трансформацияны өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча чаралар каралууда, тиешелүү зарыл стандарттар, мурда болбогон санариптик стандарттар киргизилет. Быйыл эле санариптештирүү жагынан бир катар стандарттар киргизилип, бекитилди. Ошондой эле, санариптик чечимдердин, анын ичинде ата мекендик чечимдердин реестри түзүлөт. Учурда ал ишке ашырылууда. Бул өндүрүштө колдонууга жана киргизүүгө мүмкүн болгон санариптик иштеп чыгуулар. Азыркы учурда тизмеде 98ге жакын чечим бар.

Жалпысынан Казакстан 2025-жылга чейин кайра иштетүү тармагына 11 триллион тенгеден ашык инвестиция тартууну көздөп жатат. Бул каражаттар республикада 400гө жакын долбоорду ишке ашырууга жумшалаары күтүлүүдө.

Диас Сериков, «Qazindustry» казакстандын индустрия жана экспорт борбору» АК Стратегиялык долбоору жана коммуникациялар дирекциясынын жетекчиси:

- Бул жеке жана мамлекеттик биргелешкен инвестициялар. Ал эми мамлекеттик инвестициялар көбүнчө жеңилдетилген насыялоо экенин, башкача айтканда, кайтарылуучу накталай акча экенин белгилей кетүү керек. Бул жаңы долбоорлорду ишке киргизүү экспорттун көлөмүн көбөйтөт. Анткени алар экспортко багытталган. Бул долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги милдеттердин бири болуп саналат.

Серепчилердин айтымында, санариптик тармакты өнүктүрүү бизнес-жараяндарды оптималдаштырууга, өндүрүштү аралыктан башкарууга жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков