Тоо-кен өндүрүшүндөгү импортту алмаштыруу

Тоо-кен өндүрүшүндөгү импортту алмаштыруу

Ата мекендик ишкананын өнүмү импорттук товарларга барабар болду. Бул жерде уникалдуу патенттелген технология боюнча, руда үчүн электер жана торлор, тегирмендер үчүн тетиктер, пломбалар жана резина чыгарылат. Ишкананын металл конструкцияларын даярдоочу атайын өзүнчө цехи бар. Ал санариптик технологияга негизделген станокторду колдонуу менен пресс-формаларды чыгарат.

Сергей Юрочкин, ишкана мүдүрүнүн орун басары:

- Жөнөкөй сөз менен айтканда, тикенектүү, курч руда. Ал бат эле эскирип кетет.  Бирок, албетте, коммерциялык сыр болуп саналган резинанын аркасында убакыт боюнча так эң чоң көрсөткүчтөрдү көрсөткөн биздин өнүм. Сапаты да жогору.

Инновациянын аркасында сыноолор көрсөткөндөй, жабдуулардын иштөө мөөнөтү 35-40%га көбөйгөн. Адистердин айтымында, бул тоо-кен ишканалары үчүн үнөмдөө гана эмес, алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу. Өз кезегинде бул жаңычылдык өлкөнүн экономикасына кошкон салымын бир топ жогорулатат. Бүгүнкү күндө ата мекендик ишканалар өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүп, рынокто чет өлкөлүк аналогдорду алмаштырууга гана эмес, өз товарларын экспорттоого да даяр.

Мариям Дацаева, ишкананын коммерциялык мүдүрү:

- Уникалдуулугубуздун аркасында биз дүйнөлүк рынокто алдыңкы лидерлер менен теңата атаандаша алабыз. Бирок биринчи кезекте биздин ата мекендик заводдор үстөмдүк кылат. Алар үчүн биздин эшигибиз ар дайым ачык. Аларга мүмкүн болушунча колдоп, колдон келишинче жардам берүүгө даярбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков