New York Times Алматыны эң мыкты туристтик жерлердин тизмесине киргизди.
Дүйнөгө белгилүү америкалык басылма 2024-жылы көрүүгө татый турган дүйнөдөгү 52
кызыктуу жерлердин салттуу тизмесин жарыялады. Мегаполис мыктылардын тизмесинин
ортосунан орун алды. 2 миллион калкы бар Казакстандын эң ири экинчи шаары тынч,
жигердүү жана жайлуу шаардын элесин калтырат. Маданий
борбордун макамы анын гастрономиялык жашоосунда айкын көрүнөт деп айтылат
редакция макаласында. Белгилей кетсек, Алматы бул рейтингге кирген өлкөдөгү
жалгыз шаар. Буга чейин аталган басылма Казакстанды ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнүн
алдында туристтик мыкты өлкөлөрдүн бири катары тааныган. Бул чет элдик
саякатчылардын өлкөгө кызыгуусу артып жаткандыгынын айкын далили дейт Туризм
жана спорт министрлиги. Муну расмий статистика тастыктайт. Ага ылайык, былтыр 9
айда Казакстанга 800 миңден ашуун чет элдик турист келген. Бул көрсөткүч
2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 40%га өстү. Коңшу өлкөлөр
менен катар океандын ары жагынан келген туристтердин агымы көбөйдү. Алдыңкы бештикке
Орусия, Кытай, Түркия, Индия жана АКШ кирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков