Астанада 150-гө жакын кол жазма тааныштырылды

Казак элинин тарыхы тууралуу кабар берген 150-гө жакын кол жазма табылды. Аларды улуттук кол жазмалар жана сейрек кездешүүчү китептер борборунун адистери илимий экспедиция учурунда аныкташкан. Көптөгөн документтер Жамбыл, Түркестан, Кызылорда, Абай облустарындагы жеке фонддордо жана мечиттерде сакталып келген. Кол жазмалар араб, фарс, чагатай, түрк тилдеринде жазылган. Эң көңүл бура турганы - 1904-жылы Казан басмасынан чыккан Кожа Ахмет Яссауинин «Диуани Хикмет» аттуу поэзиялык чыгармасы. Муну менен катар Курани Каримдин кээ бир жерлери да табылган.

Гүлсим Бисенова, Кол жазмалар жана сейрек китептер улуттук борборунун илимий иштерди координациялоо бөлүмүнүн алдыңкы серепчиси:

-12-кылымдын баалуу жазма эстеликтеринин бири Кожа Ахмет Яссауинин шакирти Бакырганинин китеби. Мындан тышкары 19-кылымдагы эң улуу татар тарыхчысы Шихабетдин Маржанинин «аль-Мустафад» китеби. Бул китептин маанилүүлүгү жалпы түрк тарыхы, анын ичинде Казакстандын тарыхына байланыштуу, биздин хандар санжырасы тууралуу баалуу маалыматтар камтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков