Казакстанда маймыл чечек илдетинин таралуусунун алдын алуу боюнча жарлык күчүнө кирди

Казакстанда маймыл чечек илдетинин таралуусунун алдын алуу боюнча жарлык күчүнө кирди

Казакстанда маймыл чечек илдетинин жайылышыналдын алуу боюнча башкы санитардык дарыгердин жарлыгы күчүнө кирди. Документке ылайык, чек арадагы санитардыкэпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү, аэропорттордо, унаа өткөрүү пункттарында дене табын байланышсыз өлчөөчү куралдары, ошондой эле эндемикалык өлкөлөрдөн келгендерди көзөмөлдөө ишке киргизилет. Аэропорттордо, вокзалдарда жана автобекеттерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары, ПЧРтест тапшыруу жайлар жана лабораториялар даярдалды. Акимчиликтерге инфекциялык ооруканаларды даярдоо, бейтаптын диагнозу аныкталган учурда медициналык кызматкерлер үчүн дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарын камсыз кылуу тапшырылды.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери дүйнөдө маймыл чечек илдетине чалдыккандардынтсаны 23 миңге жеткен. Бул оорудан 600дөн ашуунадам каза болду. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков