Казакстан менен Сербия: Айыл чарба жана туризм тармактарындагы байланыштарды бекемдөө

Казакстан менен Сербия: Айыл чарба жана туризм тармактарындагы байланыштарды бекемдөө

Казакстан менен Сербиянын ортосундагы айыл чарба өнүмдөрүнүн жүгүртүлүшү бир жарым эсеге өсүп, 4 миллион долларга жетти. Бул 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы. Биздин өлкө дан, балык, эт жана сүт азыктарын экспорттоону көбөйтүүгө, ошондой эле айыл чарба чийки затын кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр. ЕБ реестрине балык азыктарын экспорттоо боюнча 20 ата мекендик ишкана киргизилген, ал эми төрт ири өндүрүүчү бал жеткирүүнү баштоого даяр. Өз ара аракеттенүү келечегин Алматы шаарында өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын төртүнчү жыйынында Казакстандын вице-премьер-министри - улуттук экономика министри Серик Жумангарин жана Сербия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, ички иштер министри Ивица Дачич талкуулашты. Тараптар туризмди өнүктүрүүгө жана ушул жылы Астана - Белград түз аба каттамын ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ивиц Дачич, Сербия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, ички иштер министри:

- Биз Казакстанды достук өлкө катары карайбыз жана биз колдогон саясий мамилелерден тышкары, биздин соода-экономикалык мамилелерибиз дагы ийгиликтүү болушун абдан каалайбыз. Биз өлкөбүздү Казакстан менен байланыштыра турган каттамдарды ачуунун үстүндө активдүү иштеп жатабыз. Туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба тармагы дагы кызыкчылык жаатында.

Которгон: Назира Бегалиева