Казакстанда жыл
башынан бери айыл чарба өндүрүмдөрүнүн өндүрүш көлөмү 5 жарым пайызга жакын
арткан. Көрсөткүч 8 трлн теңгеден ашты. Бүгүн бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевге
айыл чарба министри баяндады. Айдарбек Сапаровдун маалыматы боюнча, агро
өнөржай комлекси товарларынын экспорту 4,7 млрд долларга чейин өскөн. Буга
мамлекеттик колдоо механизмдери жаңы дем берди. Агросекторду каржылоо көлөмү 1
трлн теңгеге чейин көбөйдү. Буга кошумча, 5% өлчөмүндөгү үстөк менен түз насыя
бериле баштады. Тармакты санариптештирүү алкагында «Е-АӨК» бирдиктүү санариптик
экосистемасын түзүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ал субсидиялоо, жер фондун
башкаруу, эгин, мал жана балык чарбалары боюнча кызмат түрлөрүн, мамлекеттик
маалыматтык системаларды орток санариптик каналга топтоштурат. Президенттин
тапшырмасына ылайык, мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн комплекстүү планы кабыл
алынат. Ошондой эле, мамлекет башчысы тармактын натыйжалуулугун арттырууга жана
өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган бир катар милдет жүктөдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

