«Smart Cargo» санариптик платформасынын жардамы менен жүк ташуучу унаалардын чек арадан өтүү убактысы 30 мүнөткө чейин кыскарат. Тармактык министрликтин маалыматы боюнча, жүктөрдү ташуу азыр толугу менен автоматташтырылган. Жаңы система QR коду аркылуу жүк маалыматтарына заматта жетүүнү камсыз кылат жана документтерди автоматтык түрдө текшерет. Жалпысынан алганда, өлкөдө транспорттун бардык түрлөрүн бириктирген бирдиктүү «электрондук транспорт» системасы бар. Бул транспорт агымдарын натыйжалуу башкарууга жана өлкөнүн транзиттик дараметин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Нурлан Сауранбаев, Казакстан Республикасынын Транспорт министри:
– Бирдиктүү интеллектуалдык транспорт системасы e-Transport түзүлүүдө. Платформа QazTechтин (Казтек) негизинде курулуп, транспорттун бардык түрлөрүн бириктирет. Бул маалыматтарды чогултууга, иштетүүгө, жол кыймылынын агымдарын алдын ала айтууга жана чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алууга мүмкүндүк берет. Дүйнөлүк баалоолор боюнча, транспорт тармагы маалыматтардын эң ири генераторлорунун бири болуп саналат.
Өлкөнүн айыл чарба тармагы да реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөт. Казакстандын Дан консорциуму бардык өндүрүштү башкаруу үчүн бирдиктүү санариптик системага өтүп, маалыматтарды жаңырта баштады. Жаңы система эл аралык NDVI спутнигин колдонуу менен жасалма интеллектти колдонуп, себүүдөн баштап түшүм жыйноого чейинки бүт процессти талдайт. Бул өнүмдүн сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди. Акылдуу башкаруу куралы чыгымдарды азайтып, натыйжалуулукту жогорулатты. Учурда Өкмөт айыл чарба тармагындагы бардык маалыматты бир жерде чогулта турган «e-Agra өндүрүш комплекси» деп аталган улуттук платформаны иштеп чыгууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

