Казакстандын ТИМ инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Казакстандын ТИМ инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Казакстандык дипломаттар 700 ири компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Мындай кадам менен Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаровдун айтымында, министрликтин алдында чоң милдеттер турат. Казакстан инвестициялык милдеттенмелерин ырааттуу аткара турганын далилдеш керек. Маселен, министрлик Exxon-Mobil компаниясынын аймактык мүдүрү менен жыйын өткөрдү. Бул ири мунай корпорациясы Казакстанда 1993-жылдан бери иштейт. Бул убакыттын ичинде өлкөгө 22 миллиард доллар инвестиция салган.

Алмас Айдаров, Казакстандын Тышкы Иштер министринин орун басары:

- Инвесторлор кеңешинин мүчөлөрү бардык компаниялар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Алардын саны 30га жакын. Чет өлкөдөгү элчилерибиз компаниянын башкы кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушат. Мисалы, Exxon Mobil сыяктуу ири компаниялар дүйнөлүк деңгээлде каралат. Алар Казакстандагы кырдаалды эле эмес, биздин айланабыздагы кырдаалды да талкуулашат. Биздин сандарга келсек, Казакстандын экономикасына инвестициянын өсүшү 50%ды түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков