Казакстанда чек аралык соода түйүндөрүнүн курулушу кызуу жүрүүдө

Казакстанда чек аралык соода түйүндөрүнүн курулушу кызуу жүрүүдө

Казакстанда чек аранын 5 тилкесинде транспорттук, логистикалык жана соода түйүндөрүнүн курулушу кызуу жүрүп жатат. Учурда Каспий деңизинде Саржа көп функционалдуу деңиз терминалы курулууда. Анын кубаттуулугу жылына 10 миллион тоннаны түзөт. Долбоорду 2030-жылы бүткөрүү мерчемделген. Ага ылайык, терминалдарды жана транспорттук-логистикалык борборду, бардык зарыл болгон темир жолдорду куруу каралган. Казак бийлигинин айтымында, мунун баары Каспий багытынын экспорттук дараметин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Буга кошумча дагы бир «Алатау» өнөр жай соода-логистикалык комплексин индустриалдык аймак түрүндө ишке ашыруу пландаштырылууда. Долбоорду ишке киргизүү 2026-жылдын 2-чейрегине мерчемделген. Ал эми Орусия менен чектеш – Уралда "Евразия" трансчегаралык соода борборун түзүү пландалууда. Ал аркылуу жүк коңшу өлкөнүн жана Чыгыш Европанын бир катар шаарларына жеткирилет. Курулуш иштери 2024-жылдын аягында аяктайт деп күтүлүүдө. Кытай менен кошулган жерде азык-түлүк хабын түзүү ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн тамак-аш азыктарын сактоого жана бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Буга деңиз азыктары, жашылча-жемиштер, эт, сүт жана тоңдурулган азыктар кирет. Андан кийин аны Кытай Эл Республикасынан башка Азия-Тынч океан базарларына жөнөтөт. Жалпысынан “Хоргос” түйүнүн өнүктүрүү казак-кытай азык-түлүк коопсуздугун кыйла бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.