Казакстанда жакын арада 7 млрд долларлык долбоорлор ишке ашырылат. Астанада Казакстандын инвестициялары боюнча өткөрүлгөн тегерек столдун жыйынтыгында 30дан ашык келишимге кол коюлду. Премьер-Министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өткөн иш-чарага ар кайсы тармактагы эл аралык бизнестин 500дөн ашуун өкүлү катышты. Ири компаниялардын өкүлдөрү заманбап дүйнөлүк рыноктордун тенденцияларын жана алардын инвестициялык стратегияларга тийгизген таасирин, ошондой эле эл аралык капиталды тартуунун негизги фактору катары инфраструктураны өнүктүрүүнү талкуулашты. Министрлер кабинетинин башчысы өлкө үчүн маанилүү багытка – өнөр жайды өнүктүрүүгө жана чет элдик компаниялардын казакстандык бизнес-коомчулук менен тыгыз кызматташтыгына чакырды.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-Министри:
- Казакстан өкмөтү ачык жана чынчыл иштеп жатат деп ишендиргим келет. Биз долбоорду ишке ашыруунун ар бир этабында инвесторлор менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүгө чоң маани беребиз, ошондой эле сиздердин укуктарыңызды коргоого жана жагымдуу ишкер климатты түзүүгө артыкчылыктуу көңүл бурабыз. Сиздерди Казакстанда бизнести өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга чакырам.
Рамез Ал-Хаят, «POWER INTERNATIONAL HOLDING» президенти:
- Өлкөнүн саясий туруктуулугу жеке инвесторлорду экономикага көбүрөөк инвестиция салууга түрткү болот. Инвестициялык чечимдерди кабыл алуу процессинде инвестициялык стимулдар, өзгөчө салыктык жеңилдиктер жана мындай аймактарды түзүү - чечүүчү ролду ойнойт. Көпчүлүк компанияларыбыз Астана Эл аралык каржы борборунда англиялык жалпы укук тутумунун жана эл аралык арбитраждын аркасында түзүлгөн. Бул биз үчүн да чоң мааниге ээ.
Которгон: Илгиз Жамалбеков