Казакстандын мал чарба өнүмдөрүн сатуу баасы кеңейүүдө. Маселен, Өзбекстанга жеткирилген ата мекендик товарлардын көлөмүн көбөйтүү пландалып жатат. Эске сала кетсек, учурда коңшу өлкөгө эт жана эт азыктарын ташыган жергиликтүү 19 ишкана бар. Мындан ары дагы 5 мал чарба өндүрүшү Сауд Аравияга, 9 ишкана Жапонияга жылкы этин экспорттойт. Жалпысынан казак малчылары жыл башынан бери 20 миң тоннадан ашык эт жана 600 тоннадан көп эт өнүмдөрүн чет мамлекеттерге жеткиришти. Коронавирустук пандемияга чейинки деңгээлден бир аз азыраак. Башкача айтканда, 2019-жылдын тийиштүү мезгилинде өлкөнүн өндүрүүчүлөрү чет мамлекеттерге 25 миң тоннадан ашык эт жана 2 миң тоннадан көп эт азыктарын экспорттогон. Бүгүнкү күндө 400гө жакын ата мекендик ишкана өз өнүмдөрүн чет өлкөлөргө соодалай алат. Республиканын Түркстан жана Жамбыл облустарынын, ошондой эле түндүк райондорунун малчылары импорттоочулар менен жигердүү кызматташтыкты орноткон. Казактын уй, кой жана бакма канаттууларынын эти тышкы рынокто чоң суроо-талапка ээ.
Төлеубек Төлеубаев, айыл чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөлдөө комитети башкармалыгынын башкы адиси:
- Эпизоотиялык абалдын начарлашына байланыштуу Кытай тарап өз өлкөсүнө эт азыктарынын бир бөлүгүн ташып келүүнү убактылуу токтотту. Ветеринария кызматы учурда Кытай Эл Республикасына аны жеткирүү ишин жандантып, кызматташтыкты түзүү боюнча бардык маселелерди иштеп чыгууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков