Бул тууралуу соода жана интеграция вице-министри Кайрат Төрөбаев билдирди. Ал белгилегендей, чыгымдардын ордун толтуруу боюнча арыздарды кабыл алуу теке айынын 21не чейин уланат. Ошол эле учурда мамлекет тышкы рынокко продукция чыгарган ата мекендик өндүрүүчүлөргө башка финансылык эмес колдоо көрсөтүүдө. Алардын бири соода өкүлчүлүктөрү. Быйыл алар Вьетнам, Азербайжан, Иран, Кытай жана Өзбекстанда өткөрүлдү. Бул иштердин жыйынтыгында ата мекендик ишкерлер жалпы суммасы 300 миллион доллардан ашык келишимдерге кол коюшту. Ошондой эле быйылкы жылы 100дөн ашык экспортер тездетүү программаларынын алкагында тышкы рынокко чыгарылат. Бул тамак-аш жана жеңил өнөр жайынын, машина куруунун жана кызмат көрсөтүү ишканалары.
Кайрат Торебаев, Казакстандын соода жана интеграция министринин орун басары:
- Үстүбүздөгү жылы Өзбекстанга 19 миллион АКШ долларына продукция жеткирүү боюнча эки келишим жана Орусияга тиричилик химиясын жеткирүү боюнча бир узак мөөнөттүү келишим түзүлгөн. Бул жылына 600 миллион теңге. Башкача айтканда, 1,3 млн АКШ доллары. Кытай рыногуна жезден жасалган буюмдарды жеткирүү боюнча 5 миллион АКШ долларын түзгөн эки келишим түзүлүп, азык-түлүктөрдү жеткирүү боюнча Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Ушул жылы Казакстан өзүнүн чийки эмес товарларын жөнөткөн өлкөлөрдүн саны 6 өлкөгө көбөйүп, 106га жетти. Ал эми кайра иштетилген продукциянын тышкы соодасынын көлөмү биринчи кварталда дээрлик 19 миллиард долларды түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда көрсөткүч үчтөн бир эсеге жакын өстү. 51%га өсүштү урандын чет өлкөгө жеткирүүлөрү да көрсөттү. Жалпысынан 2025-жылга чейин Казакстан кайра иштетилген продукциянын экспортун 41 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков