Мамлекет башчысы агрардык бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Мамлекет башчысы агрардык бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Бул тууралуу мамлекет башчы агрардык бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Касым-Жомарт Токаев өкмөткө агрардык тармактагы бир катар актуалдуу маселелерди ачык талкуунун алкагында карап чыгууну жана тармакка кылдат талдоо жүргүзүүнү тапшырды. Жыйындын жүрүшүндө өндүрүштү ар тараптандыруу, чийки затты терең кайра иштетүү жана жаңы айыл чарба өнүмүн өндүрүү, кант өнөр жайын, үрөнчүлүктү, мал чарбачылыгын жана ветеринарияны өнүктүрүү, ошондой эле ички рынокту камсыздоо менен катар экспорттук дараметти жогорулатуу маселелери каралды. Мындан тышкары агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүгө каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу, жер-суу ресурстарын адилеттүү бөлүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Белгилей кетсек, өткөн жылы айыл чарба тармагында өсүш 9,1 пайызды түзгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков