Астанада Кытайдын көп функционалдуу борбору пайда болот

Астанада Кытайдын көп функционалдуу борбору пайда болот

Астанада көп функционалдуу борбор ачылат. Анын түзүлүшүн Казакстандын соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев жана Jiangsu SOHO Holdings Group Кытай компаниясынын вице-президенти Дин Хай талкуулашты. Белгилей кетсек, борборду ачуу идеясы Нанкиндеги «Борбордук Азия – Цзянсу» уникалдуу соода аянтчасынын тажрыйбасына негизделген. Ал жерде аймактагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Казакстандын компаниялары жайгашкан жана активдүү кызматташат. Жаңы көп функционалдуу борбордун курамына соода павильону, маданий борбор, ошондой эле компаниянын кеңсеси кирет. Өлкө долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтөт.


Алия Абдрахманова, Соода жана интеграция министрлигинин маалымат катчысы:


- Долбоор кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштоо менен эл аралык сооданы жана бизнести өнүктүрүү үчүн маанилүү платформа болуп калат, анын ичинде: кытай жана казак товарларын көрсөтүү, эл аралык өнөктөштөр менен ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана келишимдерди түзүү, соода бүтүмдөрүн тариздөө боюнча кызматтар, консалтингдик кызматтарды көрсөтүү жана башкалар.


Белгилей кетсек, 2024-жылдын үчтүн айынан жетинин айына чейин Казакстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 27 млрд доллардан ашкан. Казакстандын Кытайга экспорту көбөйүп, 13,5 миллиард долларга жетти.


Которгон: Илгиз Жамалбеков